Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Европа кубокторуна ойногон үчүнчү кыргызстандык болот. Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматынан билдиришкендей,
Алыкулов ойноп жаткан казакстандык «Кайрат» клубу 27-августта Европа лигасы мелдешинин тандоо турунун алгачкы айлампасында Армениянын «Ноа» клубу менен кездешет. Аталган мелдештин негизги стадиясына чыгуу үчүн казакстандык команда үч тандоо туру жана плей-офф баскычынан ийгиликтүү өтүшү керек. Буга
чейин улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум Европа кубоктору мелдештеринин баштапкы этаптарында ойногон.