Германиялык “Бавария” Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аталды

Германиялык “Бавария” Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аталды. Лиссабондо өткөн чечүүчү беттеште  ал “ПСЖнын” футболчуларын 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун 59-мүнөтүндө чабуулчу Кингсли Коман жеңиш алып келген голду ишке ашырды.

 

Чемпиондор лигасынын тарыныхында “Бавария” алтынчы ирет жеңүүчү болду. Титулдардын саны боюнча клуб анлиялык “Ливерпуль” менен үчүнчү орунду бөлүшөт. Эң көп жеңиш “Реалда” – 13, ал эми италиялык “Милан” 7 ирет чемпион аталган.