Кыргызстанда акыркы суткада 154 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында,
сакайгандардын көбү Ош шаарында, Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарында.
Ушуну менен вирусту жеңгендердин жалпы саны 43 миң 137ге жетти.