Грек-рим күрөшү боюнча спортчулар 8 медаль жеңди

Кыргызстандын грек-рим күрөшү (U-20) боюнча курама командасы Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатында 3 күмүш жана 5 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.

 

Спортчулар Акыл Сулайманов (60 кг), Алибек Бердиев (77 кг) жана Ырысбек Калиев (82 кг) күмүш медалга ээ болушту.

Ал эми Азамат Камилжан уулу (55 кг), Баяман Каримов (63 кг), АбдулазизАскарбеков (72 кг), Жеңиш Жумабеков (87 кг) жана Исамил Гасанов (130 кг) коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.