Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы жаңы мектептин курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат

Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы жаңы мектептин курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат.

 

Учурга карата курулуш иштери 70 пайызга аяктап калды. Мектеп бардык заманбап жабдуулар менен камсыздалат деп күтүлүүдө.