Бишкектин конуштарында жолдорду оңдоо иштери уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштар “Арча-Бешик”, “Ак-Өргө”,
“Ак-Ордо”, “Ак-Босого”, “Эне-Сай”, “Ак-Тилек”, “Учкун” жана “Ынтымак”
конуштарында жүрүп жатат. Курулуш Кытай тараптан каржыланат.
Долбоордун алкагында 34 чакырым жол куруу каралса,
быйыл 44 кийинки жылы 16 көчөнү оңдоо пландалууда.