АКШда шайланган президенттин ант берүү аземине даярдануу иштери үзгүлтүккө учурады

АКШда шайланган президенттин ант берүү аземине даярдануу иштери үзгүлтүккө учурады.

Буга Капитолийге жакын жерден өрт чыкканы себеп. Андан улам репетиция токтотулду.

Тилсиз жоо Капитолийге жакын жайгашкан үй-жайы жоктор үчүн баш калкалаган көпүрөнүн алдынан чыкты.

Келип чыгуу себеби азырынча айтыла элек. Окуя болгон жерге полиция тартылып, тик учактар көтөрүлдү.

Учурда Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлүп, улуттук гвардиянын 20 миңден ашык аскери кызматта.

Мындай чаралар 6-январда мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд Трамптын

тарапташтары Капитолийди ээлеп алгандан кийин көрүлүүдө.