Ички иштер министрлиги жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдумда коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр

Ички иштер министрлиги жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана референдумда коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр. Ведомство жетекчиси Октябрь Урмамбетов билдиргендей, бардык бузуулар каттоого алынып, дароо чара көрүлөт.

 

Жалпысынан, добуш берүү күнү 11 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Алардын бир бөлүгү шайлоо тилкелерине бекитилет. Тартип сакчыларга ошондой эле элдик кошуундун мүчөлөрү жардам берет.