Пандемиядан улам 700 миң кыргызстандык жакырчылыкта жашап калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын сайтында жазылды. Ага ылайык, биздин өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 11 пайызга өстү.
Адистер белгилешкендей, бул 6 миллион калкы бар кичинекей өлкө үчүн чоң көрсөткүч. Пандемия маалында жарандардын көбү иши жок калып, жумушсуздук дагы күч алды.