Индияда Пакистандын тыңчысы деп шектелген көгүчкөн камактан чыкты

Индияда Пакистандын тыңчысы деп шектелген көгүчкөн камактан чыкты.

Куш эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу чек арадан учуп өткөндөн кийин кармалганын

Toronto Sun басылмасы жазат. Полиция анын канаттарынан боекту, буттарынан

сандар жазылган шакекти тапкан. Аны согушкерлердин коду болушу мүмкүн деп болжолдошкон.

Бирок көгүчкөн пакистандык балыкчыга таандык экени жана  шакекте идентификация

катары ээсинин уюлдук телефонунун номери жазылганы белгилүү болду.