Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына
каршы 4 миң 829 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 187 адам вакцинанын биринчи дозасын,
2 миң 642 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 160 миң 316 адам
вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 941 миң 741 жаран
экинчи компоненти менен эмделди.