WhatsApp мессенджеринин веб-колдонуучулары үчүн көптөн күткөн функция ишке кирет. РИА Новостинин маалыматына ылайык, эми популярдуу мессенджерди компьютер аркылуу колдонгдондор үчүн аудио-видео чалуулар жеткиликтүү болот.
Экранда кадимкидей чалуунун белгиси чыгып калат, анда жооп берүү же чакырууну өчүрүп салуу мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы функция учурда тестирлөөдөн өтүп жатат.