Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Умбриэль Темиралиев дайындалды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Умбриэль Темиралиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Темиралиев буга чейин Жогорку Кеңеш алдындагы бизнес жана ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин башчысы, инвестиция министринин орун басары болуп эмгектенген.

 

Ал эми агенттиктин буга чейинки жетекчиси Равшан Сабиров өз каалоосу менен иштен кетти.