Бишкекте бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди

Бишкекте бардык абоненттерге жылуулук жана ысык суу берилди. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын директору Уран Райымбеков билдирди.

 

Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдөн тышкары, жылуулук 63 медициналык жайга, төрөт үйлөрүнө, 84 бала бакча, 54 мектеп жана башка социалдык объектилерге берилди.

 

Эске салсак, 2-январга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария катталды. Жыйынтыгында 5 адам жабыркап, шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.