Кыргызстанда халал-индустрияны мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүү маселеси чечилди.
Премьер-министр Улукбек Марипов Экономика жана каржы министрлигинин алдында
“Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү боюнча токтомго кол койду.
Жаңы мамлекеттик түзүмдү каржылоо республикалык бюджеттен жана өлкөнүн мыйзамдарына
каршы келбеген башка булактардан болот. Анын ортосунда өлкө бийлигинен убадалашкандай,
халал-индустрияны өнүктүрүү борбору 2024-жылдын 1-июнунан тартып өзүн-өзү каржылоого өткөрүлөт.