Өкмөттөн карантин кандай учурда алына турганын айтып беришти. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул суроо өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышкан акыркы адам аныкталганда гана каралат.
Өкмөт башчы ишендиргендей, Кыргызстанда медициналык препараттар жана жабдуулар жетиштүү. Дарыгерлер коронавирус менен күрөшүүгө бардык зарыл материалдар менен өз учурунда камсыздалууда.