Бишкектин «Кара-Жыгач» конушунда бала бакчанын курулушу старт алды

????????????????????????????????????

Бишкектин «Кара-Жыгач» конушунда бала бакчанын курулушу старт алды.

Мэриядан билдиришкендей, бакча эки кабаттуу жана 140 балага чакталат.

Мектепке чейинки даярдоо мекемесинде балдарды тарбиялоого бардык

шарттар түзүлөт. Долбоордун сметалык баасы 54 миллион сомду түзөт.

Сумма калаа бюджетинен бөлүнүп берилет. Эске кетсек, быйыл ордо калаа

муниципалитети 5 бала бакча жана 5 мектеп курууну көздөп жатат.