Ижарага алынган батирлерден чыгарылган жарандар юридикалык жардамга Юстиция министрлигине кайрылса болот. Ведомстводон билдиришкендей, юристтер жана жактоочулар мындай учурларда эмне кылса боло турганын айтып беришет.
Эске салсак, соңку 2 жумада социалдык тармактарда батир ээлери ижарачыларды кууп чыгууда деген маалыматтар көп тарап жатат.
Анткени, алар үйлөрүн чет элдик жарандарга кымбат баага ижарага бергиси келет.