Лионель Месси Чемпиондор Лигасындагы рекордун жаңыртты

Лионель Месси Чемпиондор Лигасындагы рекордун жаңыртты. ПСЖнын чабулчусу “Бенфика” менен беттеште гол киргизди. Бул анын Чемпиондор лигасынын алкагында дарбазасын багындырган кыркынчы команда болуп калды.

 

Муну менен ал дагы бир рекорд орнотту – Месси турнирдин 18 сезонунда атаандаштын дарбазасына топ киргизген жалгыз футболчу.