Якутияда Кыргызстан жарандарына жасалма документ жасап берген ишкер кармалды

Якутияда Кыргызстан жарандарына жасалма документ жасап берген

ишкер кармалды. Жергиликтүү басма сөз каражаттарынын маалыматында,

Миграция кызматынын мурунку кызматкери жасалма документтерди Тажикстан,

Өзбекстан жана Кыргызстандын 500дөн ашык жаранына бергени аныкталды.

Учурда алар Якутиянын аймагында. Шектүү 2010-жылы жеке ишкер катары

каттоодон өтүп, чет өлкөлүк жарандарга кызмат көрсөтүүчү кичи ишкана ачкан.

Аталган факты иликтенип жатат.