Быйыл дагы өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай чара окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, дагы бир себеби – ата-энелердин чыгымдарын азайтуу.
Эске салсак, 23-июнда өлкөнүн бардык мектептеринде 11-классты аяктап жаткандарга бүтүрүү салтанаты уюштурулуп, аттестаттар тапшырылат.
Ал эми 9-класстын окуучуларына орто билимди тастыктаган күбөлүктөр 21-июнда берилет. Линейка эртең мененки саат 9да башталат.