Бактарды кучактоо боюнча биринчи дүйнө чемпионаты Лапландияда өтөт

Бактарды кучактоо боюнча биринчи дүйнө чемпионаты Лапландияда өтөт. РИА Новости жазгандай, мелдештер 3 этапка бөлүнөт. Биринчисинде катышуучулар 8 мүнөт ичинде ким көбүрөөк бак кучактай турганына жарышат.

 

Андан кийин спортчунун бакты канчалык сүйүүсү менен кучактаганы бааланат. Үчүнчү этап эркин форматта өтөт. Анда катышуучулардын бак кучактоодогу креавтивдүүлүгүнө баа берилет. Буга 1 мүнөт убакыт бөлүнөт.