Ырчы Бек Исраилов «Славян базары — 2022» эл аралык фестивалында үчүнчү орунду алды

Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов «Славян базары — 2022» эл аралык фестивалында үчүнчү орунду алды.

18-июлга караган түнү Беларустун Витебск шаарында 31-эл аралык музыкалык фестиваль аяктады.

Анын жеңүүчүсү жана Гран-принин ээси беларусь ырчысы Анна Трубецкая болду.

Ал 13 атаандашын артка калтырды.

Экинчи орунду россиялык жана болгариялык ырчылар ээлешти.

Ал эми үчүнчү орунду армениялык Мария Ханданян жана кыргызстандык Бек Исраилов багындырышты.

«Славян базары» — 1992-жылдан бери Витебскте жыл сайын өтүүчү эл аралык искусство фестивалы.

Сынак Беларусь, Россия жана Украинанын жалпы маданий иш-чарасы катары иштелип чыккан.