Тоң районунун Ак-Сай айылында жаңы бала бакча ачылды

Тоң районунун Ак-Сай айылында жаңы бала бакча ачылды. Ысык-Кол облусун өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 балага чакталган.

 

Объектти курууга 10 миллион сом бөлүнгөн. Имарат бардык зарыл техника, жабдуулар жана эмерек менен камсыздалып, бөбөктөргө тиешелүү шарттар түзүлдү.