Түркиянын Анталья шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды.
Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, айкел Гузелобан районундагы эс алуу бактарынын биринде жайгашат. Залкар жазуучунун эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземине Антальянын вице-мэри жана Кыргызстан чиновниктери, маданият өкүлдөрү катышты.