“Электр станциялары” компаниясынын жетекчиси алмашты

“Электр станциялары” компаниясынын жетекчиси алмашты. Директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев ишкананын башкы директору болуп дайындалды. Мурдагы жетекчи Таалайбек Толубаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

 

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Жолдошбек Ачикеев буга чейин Улуттук электр станциялары ишканасында жетекчилик кызматтарда иштеп келген.