“Манас” эл аралык аэропортунун төрагасы болуп Бактыбек Сыдыков дайындалды

“Манас” эл аралык аэропортунун төрагасы болуп Бактыбек Сыдыков дайындалды. Аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, мурдагы жетекчи Мурат Примбердиев өз каалоосу менен арыз жазып, иштен кетти.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутат болгон Сыдыков 2007-10-жылдары “Манас” аэропортун жетектеген.