Эмдөө ар кандай оорулардын күчөп кетишинен сактайт.
Ошондой эле адамдын ооруларга карата коргонуу күчүн жогорулатат, — дешти Республикалык штабдан.
Маалыматка караганда, өлкөгө сезондук гриппке каршы эмдөө үчүн вакцина алынып келине баштады.
Вакцинация алгач жана акысыз түрдө калктын аярлуу катмарына жүргүзүлөт.
Эмдөө бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда аткарылат.
Учурда вакциналар аймактарга жеткирилүүдө. Эмдөө иштерин кемчиликсиз уюштуруу боюнча
жергиликтүү бийлик органдарына жана мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.