Бишкекте көмүр сатуучу 7 отун базасы жана 20 стационардык түйүн иштеп жатат.
Мэриядан билдиришкендей, аларда казкстандык көмүрдүн баасы тоннасына
4 миң 500 сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү Кара-Кече кенинин отуну 3 миңден
5 миң 700 сомго чейин сатылууда. Андан тышкары, бааларды турукташтыруу жана
калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында 2 отун базасы ачылды. Аларда
Кара-Кече көмүрү 3 миң сомдон жеткиликтүү. Бирок ар бир үй-бүлөгө
2 тоннадан ашык берилбейт. Чектөө декабрдан тартып алынат.