Айдоочуларга дөңгөлөктөрдү алмаштыруу сунушталат

Айдоочуларга дөңгөлөктөрдү алмаштыруу сунушталат.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан эскертишкендей,

тайгактыкты жана башка жол кырсыктарын алдын алуу максатында жайкы

резиналарды кышкыга эртелеп алмаштыруу зарыл. Синоптиктер тастыкташкандай,

эртеңден тартып, ордо калаада жана дээрлик бүт өлкө боюнча абанын температурасы төмөндөйт.

Тоолуу райондордо кар аралаш жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт жана түнкүсүн суук болот.