Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Нарын облусунун Кочкор районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эми жергиликтүү тургундар паспортту каттоо,

ПИН кодду алуу, “балага сүйүнчү” пособиесин алуу үчүн жана ЗАГСка документ тапшыруу кызматтарын

бир жерден ала алышат. Жалпысынан каттоо кызматтарынын 35 түрү жеткиликтүү.

Белгилеп кетсек, жаңы калкты тейлөө борборунда жарандарды документтештирүү

иштери тоук автоматташтырылган системада жүргүзүлөт.

Электрондук кезек күтүү жана байкоо системасы орнотулду.