Эми Кыргызстанга учуп келгендер учактан түшө электе текшерилет

Эми Кыргызстанга учуп келгендер учактан түшө электе текшерилет.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын

жарандары болуп, бирок акыркы 30 күн аралыгында коронавирус

чыкпаган өлкөдө жүргөн адамдар Кыргызстанга кире алышат.

Бирок акыркы айда бул өлкөдө жүргөн башка өлкөнүн жарандары

Кыргызстандын чек арасынан өткөрүлбөйт. Эске салсак, учурда

аталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киришине чектөө

киргизилди. Ал эми бул мамлекеттерден келген кыргыз

жарандары эки апталык карантинден өтүүгө милдеттүү.