Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү запасы бар

Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү запасы бар.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилди.

Азыр ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө.

Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат, — деди министр.