Кыргызстанда жай мезгилиндеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталды.
Мунун себеби аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу экенин “Улуттук энергохолдингден” билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-июлга карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 34 миллион кВт-саатты түздү.
Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5 миллион кВт-сааттка көп.
Кырдаалга байланыштуу энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.