Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 9 миллион метр кубга көбөйдү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 181 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

«16-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 181 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 339 метр куб, агып чыгышы 234 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти мекемеден.

 

15-сентябрда суу сактагычта 12 миллиард 172 миллион метр куб суу бар болчу.