Түркмөнстан быйыл биздин өлкөгө арзандатылган баада 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын жеткирет

Түркмөнстан быйыл биздин өлкөгө арзандатылган баада 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын жеткирет.

 

Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Ал белгилегендей, андан кийин Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын кадимки, коммерциялык баада сатып алат. Анын ортосунда, чиновник “жашыруун маалымат”  деген шылтоо менен тарифтерди жарыялоодон баш тартты.