Каракол шаарында кафе жана ресторандарга түнкү саат 11ге чейин иштөөгө уруксат берилди.
Шаардык штабдын маалыматына ылайык, бирок аларда маараке, той жана туулган күн өткөрүлбөш керек.
Буга чейин шаардагы кафе-ресторандар кечки саат 8ге чейин иштеп келген.
Ошондой эле Каракол мэриясы жергиликтүү тургундарды бет кап тагынууга жана
санитардык-гигиеналык талаптарды аткарууга чакырат.