Мектептерде, бала бакчаларда жана жогорку окуу жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Мектептерде, бала бакчаларда жана жогорку окуу жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Тиешелүү буйрукту Билим берүү министрлиги чыгарды. Документте бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери аткара турган талаптар жазылган.

 

Алсак, чукул кырдаалдар учурундагы планды иштеп чыгуу, имараттардын кире беришиндеги көзөмөлдү күчөтүү жана чукул кырдаалдарда кабарлоо системасын жана эвакуацияны жакшыртуу каралган. Кошумчалап кетсек, мындай чара билим берүү мекемелерине коркунуч жараткан учурлар көбөйүп жаткандыктан кабыл алынды.

 

Соңку айларда ордо калаа мектептеринде жардыруучу зат тууралуу жалган билдирүүлөр көп түштү.