Бишкекте 53,5 миң окуучу мектепте салттуу форматта билим алып баштады. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Бардык мектептерде санитардык нормалар сакталып, балдардын дене табы текшерилип, ден-соолук журналы жүргүзүлүүдө.
Коридорлордо санитайзерлер орнотулуп, сабактардын жүгүртмөсү эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен түзүлдү. Мектептер жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалган. Бийлик бул максатта 7 миллион сом бөлүп берген.