Кубатбек Боронов шайлоолордон кийин мектептерди дезинфекциялоону тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов шайлоолордон кийин мектептерди дезинфекциялоону тапшырды. Өкмөт башчы белгилегендей, добуш берүү тилкелеринин басымдуу бөлүгү мекептердин базасында ачылат.

 

Бул күнү имараттарга киши көп келгендиктен, шайлоолордон кийин санитардык тазалоо жүргүзүү зарыл. Дезинфекциялоочу каражаттар жетиштүү болушу керек, — деди Боронов.