Украинадан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

Украинадан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, биздин мекендештердин тобу

Украина-Польша чек арасынан өттү. Алар аталган өлкөдө мейманканага жайгаштырылды.

Ал эми Украина-Молдавия чек арасынан өткөн кыргызстандыктар Кишинев менен

Леордоая аймагында. Ведомстводон белгилешкендей, Украинадагы кыргызстандыктар

үчүн Киевдеги элчиликте, Львов жана Одесса шаарларында баш калкалоочу коопсуз

жайлар уюштурулду. Ошондой эле элчиликтин байланыш номурлары иштеп жатат.

Учурда Украинада 1 миң 300дөн ашык кыргызстандык бар