Бишкектин коомдук транспортунда жол кире тарифин өзгөртүү чечими бардык процедураларды өткөргөндөн кийин кабыл алынат

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире тарифин өзгөртүү чечими бардык процедураларды өткөргөндөн кийин кабыл алынат. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.

 

Анын айтымында, бул маселени Бишкек шаардык кеңеши карашы керек.

 

Ошондой эле учурда ордо калаа тургундары арасында сурамжылоо, мамлекеттик органдар менен тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Буга 2-3 ай убакыт керектелет.

 

Эске салсак, мэрия коомдук транспорттун бардык түрүнө жол кирени 20 сомго көтөрүүнү пландоодо.