Кыргызстандын 5 ооруканасына компьютердик томография аппараттары тапшырылды

Кыргызстандын 5 ооруканасына компьютердик томография аппараттары тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабдуулар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарынын медициналык жайларына жеткирилди.

 

Техниканы сатып алууга каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берген. Компьютердик томография организмди кеңири изилдөөдөн өткөрүүгө жардам берет.