Кыргызстан Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Биринчиде Япония, экинчи орунда АКШ жайгашты.
Кыргызстандык спортчулар өлкөнүн капчыгына 5 медаль алып келишти. Алтынды Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, күмүш медалды Айпери Медет кызы, ал эми колону Тайырбек Жумашбек уулу жеңип алды.
Учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар.