Бишкектин «Алтын шайба» хоккей боюнча ачык чемпионаты өтөт

2-майдан 9-майга чейин шаардык муз тебүү аянтчасында Бишкектин «Алтын шайба» хоккей боюнча ачык чемпионатынын үчүнчү айлампасы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эл аралык мелдешке Өзбекстандан «Бинокур», Казакстандан «Стрижи» жана «Рахимжан» хоккей клубунун командалары, борбор калаанын «Алга», «Локомотив», «Тянь-Шань карышкырлары», «Кеңеш учкучтары» командалары, ошондой эле Нарындын «Нарын шумкарлары» жана Ысык-Көлдөн кыздардан турган «Шапак» командалары катышат.

Балдар жана кыздар үч жаш категориясы боюнча күч сынашат:

• 2007-жылы туулган жана андан кичүү;
• 2009-жылы туулган жана андан кичүү;
• 2012-жылы туулган жана андан кичүү.

Турнир Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана КР Хоккей федерациясы тарабынан, «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коомунун (KICB) жана жаш хоккейчилердин ата-энелеринин колдоосу менен өткөрүлөт.

Өткөрүү дареги: “Шаардык муз тебүү аянтчасы”, Виноградная көчөсү, 1/3.