Күзүндө кийим жана бут кийимге баалар кымбатташы мүмкүн

Күзүндө кийим жана бут кийимге баалар кымбатташы мүмкүн.

Мындай алдын ала маалыматты ритейлерлер берди.

Баалардын өсүшүнө жеткирүү чыгымдары жана сырье таасирин тийгизет.

Алсак, Азиядан Европага суу аркылуу жүктөрдү жеткирүүлөр бир нече ирет кымбаттады.

Буга коронавирус пандемиясы таасирин тийгизди. Ошондой эле кийим жана

бут кийимдерди тиге турган материалдар дагы наркын жогорулатты.

Пахтанын баасы 35 пайызга өссө, синтетика өндүрүүгө колдонулууч

у сырье дагы кымбаттады. Сатуучулар бардык факторлорду эске алуу менен

күздө товарлар 10-15 пайызга кымбатташын күтүп жатат.

Башында кымбаттоо анча сезилбейт, бирок кышта баалар 20 пайызга чейин өсөт.