Күзгү-кышкы сезондо калк электр энергиясыз калбайт

Күзгү-кышкы сезондо калк электр энергиясыз калбайт.

Мындай убаданы президент Сооронбай Жээнбеков берди. Ал белгилегендей,

былтыркыга салыштырмалуу быйыл нымдуулуктун көлөмү 2 миллиард 400 миллион кубга аз.

Быйыл жай мезгили салкын болгондуктан тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогул, Киров, Орто-Токой,

Папан суу сактагычтарына суу азыраак топтолду. Эми ушул айга карата тиешелүү органдар

иш жүргүзүшөт. Жетишсиздик жаралса чет өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алуу аракети көрүлөт.

Азырынча керектөөчүлөрдү камсыздоого өзүбүздө мүмкүнчүлүк бар. Эгерде аба-ырайы ысып

кетсе сырттан сатып алууларга зарылчылык болбойт, — деди өлкө башчы.