Кыргызстандыктардын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эмгек стажына пенсия берилет

Кыргызстандыктардын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эмгек стажы пенсия берүү учурунда эске алынат.

Мындай документке Санкт-Петербург шаарындагы КМШ мамлекет

башчыларынын жолугушуусунда кол коюлду. Келишим ЕАЭБ өлкөлөрүнүн парламенттери

аны ратификациялагандан кийин күчүнө кирет. Жаңы мыйзамга ылайык, биримдик

ичиндеги бардык өлкөлөрдөгү стаж эске алынат. Мисалы, кыргызстандык жаран

Россияда иштеп, кийин өзүнүн мекенине кайткан күндө дагы Россия бере турган

пенсиясын ошол учурда жашап жаткан жерге котортуп алса болот.