Кайра шайлоодо бюллетендердеги талапкерлердин катарын аныктоо боюнча чүчү кулак эртең, 8-февралда өтөт

Кайра шайлоодо бюллетендердеги талапкерлердин катарын аныктоо боюнча чүчү кулак эртең, 8-февралда өтөт.

 

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Андан такташкандай, 10-февралга чейин комиссия бюллетендердин текстин жана формасын бекитет, андан кийин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлерге 100 миң сомдук күрөө акысы кайтарылбайт.

 

Кайра шайлоого катышууга 53 жаран катталды. Эске салсак, Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында кайра шайлоо  27-февралда өтөт.