Бишкек, Ош жана Токмок шаарындагы кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси кайрадан түзүлөт

Бишкек, Ош жана Токмок шаарындагы кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси кайрадан түзүлөт. Бул тууралуу 24 агенттигине БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

 

Анын айтымында, шайлоо тилкелеринин саны өзгөрүүсүз калат. Тизме жаңыртылат, ага добуш берүү учурунда 18 жашка толгондор жана биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар кирет.

 

Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 11-апрелде өткөн. Көптөгөн мыйзам бузуулардан улам Бишкек, Ош жана Токмокто шайлоолордун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

 

Кайра добуш берүү күнү белгилене элек.